Site icon Reporter.kg

Аламүдүн суусунан 24 жаштагы жигиттин сөөгү табылды

Аламүдүн суусуна 24 жаштагы жигит чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Кой-Таш эс алуу борборунда Аламүдүн суусуна 1998-жылы туулган М.А. аттуу эркек киши сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Жерине 4 куткаруучу тартылып, кишинин сөөгүн чыгарышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Exit mobile version