Site icon Reporter.kg

Аламүдүндө алдамчылыкка шектелген аял кармалды

Аламүдүн районунда алдамчылыкка шектелген аял кармалды. Ал жабырлануучуга бала бакчанын ачылышында иш кагаздарын жүргүзүүгө жардам берүүнү убадалап, бирок алдап кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

«Арыз ээсинин айтымында, аял андан ири суммадагы акча алган, андан кийин дайынсыз жоголгон. Окуя фактысы боюнча кылмыш иши козголду. 39 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди», — деп билдиришти укук коргоо органдары.

Тергөө кармалган адамдын ушул сыяктуу кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүүдө. Шылуундун аракетинен жапа чеккендер милицияга төмөнкү телефондор аркылуу байланышса болот: 0312363527, 0312363523.

Exit mobile version