Site icon Reporter.kg

Аламүдүндө өспүрүмдү сүзүп кеткен айдоочу колго түштү

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылынын 16 жаштагы тургунун М.Горький көчөсүндө жеңил унаа сүзүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка караганда, өспүрүм окуя болгон жерде көз жумуп, айдоочу болсо качып кеткен.

Жол кырсыгына шектелип 26 жаштагы жаран кармалды. Анын «БМВ Х5” үлгүсүндөгү унаасы айып короо жайына токтотулду.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Exit mobile version