Site icon Reporter.kg

Аламүдүндө суу түтүккө эркек киши тыгылып калып каза болду

Аламүдүн районунун Ак-Жар конушундагы (Айланма унаа жолдун боюнда) арыктагы суу түтүккө эркек киши тыгылып калып каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлады.

Маалыматка ылайык, суу түтүкчөгө 44 жаштагы М.Б. аттуу эркек кишинин жансыз денеси тыгылып калгандыгы тууралуу маалымат 102-кызматынан түшкөн.

«Жерине 5 куткаруучу тартылып, тыгылып калган кишинин сөөгүн чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен», — деп айтылат маалыматта.

Exit mobile version