Site icon Reporter.kg

Аламүдүндө турак үйдөн өрт чыгып, бир адам каза болду

Чүй облусунун Аламүдүн районунда өрттөн бир адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Өрт Беш-Күңгөй айылындагы Таранчиев көчөсүндө жеке турак жайдан чыккан. Окуянын кесепетинен 25 чарчы метр бөлмө күйгөн.

Өрт болгон жерден 36 жаштагы адамдын сөөгү табылган. Ал көмүр кычкыл газына ууланган.

Exit mobile version