Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.
Эскерте кетсек, Алмаз Мамбетов 2021-жылдын август айынан бери Ош шаарынын мэри кызматын аркалап келе жаткан.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз