Site icon Reporter.kg

«Алар күзүндө баш кошот». Аламүдүндө уурдалган кыздын ата-энеси жигитке дооматы жок

Аламүдүн районунда 22 жаштагы кызды уурдоого шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облусттук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кыздын досу милицияга кайрылган. Анын сөзү боюнча, ал досу үчүн такси чакырган. Буйрукту кабыл алган айдоочу кийинчерээк кайра чалып, көрсөтүлгөн дарекке жеткенде белгисиз жигит жүргүнчүсүн унаасына салып, айланып өтүүчү жолдун четине чыгып кеткенин айткан.

Таксист көрсөткөн унааны ыкчам кызматкерлер табышкан. Айдоочу жана жүргүнчү кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Сурак учурунда эч кандай уурдоо болгон эмес экен. Кыз өз эрки менен жигитинин машинасына отурган. Алар 9-класстан бери дос болуп, күзүндө баш кошууну пландап жатышат. Милиция кызматкерлери алардын ата-энелерин суракка алышты, алар бул фактыны тастыктап, эч кандай доосу жок экенин айтышкан.

Белгиленгендей, тараптар бири-бирине доомат коюудан баш тарткандыгына карабастан, аталган факт боюнча сотко чейинки өндүрүш улантылууда.

Exit mobile version