Албаниядагы жер титирөөдөн 20 киши өлүп, 600дөн ашык киши жабыркады

Албаниядагы жер титирөөдөн 20 киши өлүп, 600дөн ашык киши жабыркады

Албаниядагы жер титирөөнүн кесепетинен бери дегенде 20 киши өлдү, жүздөгөн адам жабыркады. Бул тууралуу AFP агенттиги өлкөнүн Коопсуздук министрлигине таянуу менен билдирди.

Күчү 6,4 баллга жеткен жер титирөөнүн очогу өлкө борбору Тиранадан 30 чакырым аралыкта катталды. Тирана жана Дуррес шаарларында имараттар талкаланды. Куткаруу иштери уланууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, 600дөн кем эмес киши жабыркады, аларга жардам көрсөтүлүүдө. Тогуз киши өтө оор жаракат менен ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу “Азаттыктын” балкан кызматы кабарлады.

Европа-Жер ортолук сейсмология борбору күчү 5,4 баллдык жер титирөө Босния менен Герцеговинада сезиленин кабарлады. Бул өлкөлөрдөн жабыр тарткандар жана кыйроолор тууралуу маалымат түшкөн жок.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>