Site icon Reporter.kg

Алдамчылык үчүн издөөдө жүргөн адам Казакстанда кармалды

Курулуш компанияларды ири өлчөмдөгү материалдык чыгымга учураткан жаран Казакстандан кармалды, деп билдирет ИИМдин басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, ИИМдин “Интерпол” Улуттук борбордук бюросу, ИИМдин Казакстандагы өкүлчүлүгү, Казакстандын “Интерпол” Улуттук борбордук бюросу жана Алматы шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы менен биргеликте өзгөчө ири өлчөмдө жасаган алдамчылык фактысы боюнча издөөдө жүргөн 1974-жылы туулган А.Ж. аттуу жаранды кармашкан.

Кармалган жаран Свердлов РИИБ тарабынан издөөдө жүргөн. Шектүү курулуш компаниялардын өкүлдөрүнүн ишеничине кирип, алар менен лифт жабдууларын камсыз кылып берүү боюнча келишимдерди түзүп, акча каражатын алып, бирок өз милдеттемелерин аткарбастан качып жүргөн.

Шектүү өзүнүн кылмыштуу иш-аракеттери менен курулуш компанияларына жалпы 200 миң АКШ долларын түзгөн материалдык зыян келтирген.

Учурда шектүү Кыргызстанга экстрадицияланып, Юстиция министрлигине караштуу ЖАКтын тергөө абагына камакка алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version