Site icon Reporter.kg

Алдамчылыкка шектелип 24 жаштагы жигит кармалды

Бишкектин Октябрь РИИБнин ыкчам кызматкерлери алдамчылыкка шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу аталган райондук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Милицияга 2022-жылдын 8-январында А.Н. аттуу жаран Б.М.га чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

«2021-жылдын 13-июлунда А.Токомбаев көчөсүнүн жээгинде жайгашкан кызматтык жайлардын биринде алдоо жолу менен анын ишенимине кирип, БАЭнин аймакка акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарын жөнөтүүгө жана алууга көмөк көрсөтөм деген алдоо жолу менен 6 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү каражатын алып,  андан соң из жашырып качып кеткен», — деп жазган жабырлануучу арызына.

Аталган факты Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБнин РИИБге катталып, «алдамчылык» беренесинин негизинде кылмыш иши козголгон.

Октябр райондук милиция кызматкерлери шектүү катары 1998-жылы туулган Б.М. кармап, тергөө кызматына жеткиришкен. Учурда кылмышка шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Мындан тышкары, шектүүнүн башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин аныктоо боюнча кошумча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version