Site icon Reporter.kg

Алдыда чоң кризис келе жатат, — Жапаров

Республикалык бюджеттин тартыштыгына карабай, мамлекеттик кызматкерлердин маянасы, пенсия, жөлөк пулдар көтөрүлдү. Бул тууралуу депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Жогорку Кеңештин 24-ноябрындагы жыйынында билдирди.

Ошондой эле, ал милиционерлердин маянасы боюнча маселе көтөрдү.

«Акыркы жолу милиция кызматкерлеринин айлык маянасы боюнча маселе көтөрүлгөн. Бүгүнкү күндө алар 21 миң сомдон кошумча акча алып жатышат.  Бул абдан чоң каражаттар. Аларды айлыкка кошууга болобу? – деп сурады ал министрлер кабинетинин төрагасынан.

Акылбек Жапаров алдыда чоң кризис келе жатканын айтты.

«Биз абдан чоң кризиске дуушар болгон турабыз. Бир жылдан кийин пенсионерлер менен ички иштер органдарында иштеген милиционерлердин саны бирдей болот, же мурункулар андан да көп болгон турат. Демек, эмгек акыдан түшкөн киреше салыгы, Соцфонд… пенсиялык саясатты пенсиялык фондго өткөрүп албасак, келечекте мамлекеттин мүмкүнчүлүгү болбойт. Пенсия менен эмгек акы бир катар мыйзамдар аркылуу өз ара байланышта экенин өзүңүздөр билесиздер. Бул көйгөй чечилгиче, үстөк көбөйтүлгөн. Анан республикалык бюджетте мындай мүмкүнчүлүк болбойт», — деп жооп берди Жапаров.

Ал жөлөк пулдарды кыскартып, айлыкты жогорулатуу сунушун колдоду.

«Дагы бир жагдай бар, эгерде кызматкер кызмат учурунда каза болсо, анда анын үй-бүлөсүнө 20 жылдык маяна төлөнүшү керек. Биз бул эки көйгөйдү көрүп жатабыз, бирок азырынча аларды чече албай жатабыз», — деди Жапаров.

Ал эми депутат “бюджет тартыш болуп жатса, жөлөк пулдар азайып кетпейби?” деп сурады. Министрлер кабинетинин башчысынын айтымында, кыскартуу болбойт. Алдыдагы 3 жылда бардык милдеттенмелер боюнча бюджетте жетиштүү каражат бар.

Телеграм каналыбызга каттала кетиңиз
Exit mobile version