Алдыдагы эки күндө Сауд Аравиядан 300 кыргызстандык келет

Алдыдагы эки күндө Сауд Аравиядан 300 кыргызстандык келет

Алдыдагы эки күндө Сауд Аравиядан 300 кыргызстандык мекенине кайтып келет. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Төлө Исаков брифинг учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, алар кичи ажылыкка барышкан.

«Кыргызстандан соңку айда эле миңге жакын киши умрага барып келген. Эми эртең 100, бүрсүгүнү 200 адам кичи ажылыктан келет. Алар аэропортко түшөөрү менен текшерүүдөн өткөрөбүз.  Эгерде эч кандай коронавирустун белгилери аныкталбаса үй карантинине жиберебиз», — деп маалымдады Исаков.

Республика боюнча 1600 койка даярдалган. Учурда обсервацияда 321 адам жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>