Site icon Reporter.kg

Алдыңкы 3 жылда мамлекеттик карызды төлөөгө 230,2 млрд сом коротулат

Алдыңкы 3 жылда Кыргызстан мамлекеттик карызды (тышкы жана ички карыз) төлөөгө 230,2 млрд сом коротот. Бул тууралуу каржы министри Алмаз Бакетаев билдиргенин “Акчабар” порталы жазды.

Министрдин айтымында, быйыл 30-июнга карата мамлекеттик карыз 5,7 млрд доллар болгон. Анын 78%ын тышкы карыз түзгөн.

Алдыңкы үч жылда мамлекеттик карызды төлөөгө жалпы 230,2 млрд сом жумшалат.

Анын ичинен:

2024-жылы 66,9 млрд сом;

2025 — жылы 76 млрд сом;

2026 -жылы 87,3 млрд сом.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version