Александр Лукашенко президенттик шайлоодо жеңишке жетти

Александр Лукашенко президенттик шайлоодо жеңишке жетти

Беларустун Борбордук шайлоо комиссиясы президенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат жарыялады.

Жекшембиде өткөн шайлоонун жыйынтыгы менен учурдагы мамлекет башчы Александр Лукашенко 81 пайыз добуш алып президенттик шайлоодо жеңишке жеткен.

Шайлоого катышкандардын 8 пайыз добушуна ээ болгон Светлана Тихоновская экинчи сапка чыккан. Калган үч талапкер биригип 4 пайызга жетпеген добушка ээ болушкан.

Беларуста президент 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Аталган өлкөнү 26 жылдан бери башкарып келе жаткан Александр Лукашенко эми 2025-жылга чейин бийлик башында турмакчы.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>