Site icon Reporter.kg

Александровка айылын суу каптадыбы? — ӨКМ жооп берет

Чүй облусунун Москва районуна караштуу Александровка айылын суу каптаганы туралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланууда.

Тарап жаткан видеолордон, шаркырап аккан суу көчөнү жана турак үйлөрдүн короосун каптап жатканын көрүүгө болот.

Маалыматты тактоо үчүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигине байланышканыбызда, министрлик бул маалыматты четке какты.

“Өлкө боюнча нөшөрлөгөн жамгыр жаап жатат. Бирок, Александровка айылын суу каптаганы туууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Ал видео Казакстанда тартылгандыгы айтылууда”, – деди министрликтин расмий өкүлү.

Exit mobile version