Site icon Reporter.kg

Алга айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдарына иш козголду

Кадамжай районунун Алга айыл өкмөтүнүн айрым кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголду, деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка караганда, кылмыш иши Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) боюнча козголгон.

“Алга айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Ж.Р., Алга айыл аймагынын Даш участкасынан Т.Э.Н. аттуу жаранга жер тилкесин берүү боюнча мыйзамсыз токтом чыгаргандыгы кылмыш ишинин козголушуна негиздер болгон. Ошол эле учурда аталган жер тилкеси 2010-жылы М.Н.Т. аттуу жаранга турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилгендиги аныктлган”, — деп айтылат маалыматта.

Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Exit mobile version