Али Токтакунов: УКМКнын билдирүүсү карандай калп – видео

Али Токтакунов: УКМКнын билдирүүсү карандай калп  – видео

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин “Аеркен Саймаити «Азаттыктын» журналисттерине 100 миң доллар төлөгөн” деген айыптоосуна журналист Али Токтакунов жооп берди.

Ал УКМКнын билдирүүлөрү каралоо жана  карандай калп экенин айтып, мындай кара пиярдын өмүрү кыска болорун эскертип өткөн.

“Мындай күбөмүн деген адамдырдын куру, эч бир фактыга, далилге таянбаган билдирүүсү, анын ичинде абактагы адамдын көрсөтмөлөрү буга чейин дагы жасалып келген жана алар түрдүү “гейд” деген аттар менен тарыхта калган. Мындан сырткары УКМКнын атына далай жолу наалат айттырган иштер болгон.

Аеркен Саймаитиден  мен эч кандай акча алган эмесмин. Биз андан жүздөгөн документтерди, өзү аралашып жүргөң иштер тууралуу көрсөтмөлөрүн, башка дагы ондогон күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүн алганбыз. Бул көрсөтмөлөрдүн негизинде Кыргызстандагы тутуаш коррупциянын, анын ичинен бажыдагы коррупциянын, Кыргызстандан 100 млн долларды адалдаган фактылардын бетин ачканбыз.

Канча убакыт өтсө дагы Өкмөт биз ашкерелеп берген фактылардын аягына чыкпай, иликтөөчү журналисттердин өзүнө каралоо жүрүп жатканы өкүндүрөт. Бирок эл билип турат, акты ак караны кара деп айырмалай алат. Акырында чындык, акыйкат жеңерине терең ишенебиз”, – деген ал.

2-июнда Айэркен Саймаитинин өлүмү боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында УКМКнын тергөө башкармалыгынын башчысы Сагынбек Самидин уулу Саймаити “Азаттыктын” журналисттерине 100 миң доллар акча берилген” деп айткан.

Көп өтпөй «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун президенти Жейми Флай УКМКнын билдирүүсүнө жооп берип, атайын кызматтын айткандарын «журналисттерди каралоо» деп баалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>