Алихан, Раяна… Өткөн жылы ымыркайларга кандай ысымдар көп коюлган

Алихан, Раяна… Өткөн жылы ымыркайларга кандай ысымдар көп коюлган

Өткөн жылы ымыркайларга кандай ысымдар көп коюлганы тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

2019-жылы ымыркайларга эң көп коюлган ысымдар: Умар, Алинур, Алихан, Нурислам жана Али. Ал эми кыздар ысымдары Раяна, Амина, Алия, Фатима жана Айлин.

Эркек балдарга сейрек коюлган ысымдар:  Айюб, Абу Бакр, Байилим, Эртөштүк, Чыракбек, Чынгызхан, Үрүстөм, Ийгилик, Рудольф, Океан, Лексус, Баласагын, Ахиллес, Аль-Фатих. Ал эми кыздар ысымдары Жамайка, Жаңыл Мырза, Миңгүл, Ай-Күн, Океана, Ай-София, Луна, Көркөмай, Чачыке, Ветта, Умара, Таттыбүбү. Бул ысымдар 2019-жылы бирден гана кызга ыйгарылган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>