Site icon Reporter.kg

Алимбаев Баткендеги жаңжал кантип башталганын айтып берди (видео)

КР президентинин  Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев журналисттерге 16-сентябрдагы Тажикстандын куралдуу баскынчылыгы, окуя боюнча айтып берди.

Бул сапар 14-сентябрь күнү Баткен районунун Булак-Башы жергесинде эки өлкөнүн чек арачылары бири-бири менен атышып кетип, ошондон чыр чыкты. Ошол күнү бир заматта Тажикстандын күч структурасынын жетекчилери менен Согди облсунун жетекчилиги менен жолугуп, Булак-Башына чейин бардык. Ал жерде чыр-чатакты токтоткондон кийин, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткан учурда Баткен районунун Достук айылынан ок атышуу чыгып кетти. Ошол айылдан ок атышууну токтотуп калдык. Мындан соң тажик тарап менен биргеликте атайын топ түздүк. Анткени, башкаруу эки тараптан болуп калса оор болуп калат. Ошондуктан бир жерден башкаралы дегенбиз. Ошентип, 14-сентябрь күнү чыр-чатакты токтотуп калганбыз. 15-сентябрь күнү чек арачылар чек арада иштей турган болгон. Чек араны кандай кайтаруу керек деген тартиптер боюнча иш-чаралар жүргөн. Тилекке каршы, 16-сентябрь күнү таңкы алтылар чамасында Баткен районунун Тешик-Таш жергесинде дагы эки өлкөнүн чек арачылары ортосунда атышуу болуп кеткен. Ошол замат Баткен облусунун чек ара тилкелеринде бир канча жеринде улантылып кетти”-деди Алимбаев.

Тажикстандын куралдуу баскынчылыган кыргыз тараптан 59 киши өлүп, 183 жаран жабыр тартты. 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка көчүрүлдү. Баткен облусунда 1,5 млрд сом зыян келтирилген. 282 турак-жай, 3 стратегиялык объект, 9 социалдык жана 300 тиричилик объектилери жабыркап, 9 унаа күйүп кеткен.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version