Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы абалды көзөмөлдөө үчүн Баткенге учуп кетти

Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы абалды көзөмөлдөө үчүн Баткенге учуп кетти

Бүгүн, 26-октябрда Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдын күчөп кетпөөсү үчүн Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Абдикарим Алимбаев күч түзүмдөрүнүн иш-аракеттерин координациялоо үчүн Баткен облусуна учуп кетти.

Маалыматка ылайык, учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Окуя кечээ, 25-октябрь күнү кечке маал Баткен районунун Үч-Дөбө айылында болгон. Анда тажик жарандары такталбаган аймакта суу түтүктөрүн орнотуп баштаганда кыргызстандык чек арачылар барып, эскертүү беришкен. Бирок тажик жарандары кулак салбай, оозеки кайым айтышууга барган. Кыргыз чек арачылары чыр-чатактын өрчүп кетүүсүнүн алдын алуу максатында, эскертүү иретинде асманга ок аткан.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек аранын жалпы узундугу – 970 чакырым, анын 504 чакырымы гана делимитация жана демаркация болгон. Калган такталбаган аймактар чек арадагы эки элдин түрдүү чатактарына себеп болуп келет.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>