Site icon Reporter.kg

Алимбековдун штаб башчысы: Атазов монтаждалган видеону элге таңуулап жатат

Парламенттик шайлоодо бир мандаттуу округ боюнча Төлөйкан районунан ат салышкан талапкер Шайлообек Атазов ошол эле аймактан талапкер Нурбек Алимбековду «добуштарды сатып алды, үгүтчүсү качып кетти» деген айыбына Алимбековдун штаб башчысы Нурлан Орозбаев жооп берди.

Орозбаев Шайлообек Атазов Жогорку соттун чечимин күтпөй, монтаждалган видеону элге таңуулап жатканын билдирди.

«Урматтуу Шайлообек Карыбекович, сиз акыркы учурларда адамдарды топтоп алып монтаждалган, кескиленген видеону улам элге алып чыгып аны таңуулап жатасыз.

Сиз өзүңүздү эл алдында ыймандуу адам катары көрсөтүп келесиз. Эгерде чындап Кудайдан корксоңуз монтаждалган видеонун толук вариантын элге көрсөтүп алып чыга аласызбы?», — деген суроо салды.

Ошондой эле Орозбаев Атазов айтып жаткан үгүтчү Нурбек Алимбековдун штабына тиешеси жок адам экенин белгиледи.

«Видеону сиз толук көргөн адамсыз. «Агитатор качып кетти» дейсиз. Анда биздин штабга тиешеси жок адам экенин билесиз. Бирок мыйзамсыз түрдө өзүңүз жасаткан видеону кайра чындык катары көрсөткүңүз келип жатат.

Мыйзамдуу жол менен болгондо сиз 22-декабрда боло турган Жогорку соттун чечимин күтүшүңүз керек эле. Бирок кайра эле каралоо менен алектенип, Алимбековдун штабын жаман көрсөтүүгө өттүңүз», — деди Алимбековдун штаб башчысы Орозбаев.

Төлөйкан округ боюнча Шайлообек Атазов шайлоочулардын 17 миң добушун алса, Нурбек Алимбеков 19 миң добушка ээ болгон.

Белгилей кетсек, алар учурда Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары.

Exit mobile version