Алимент төлөөдөн баш тартып, бир жаштагы баласын өлтүргөн жаран 18 жылга соттолду

Алимент төлөөдөн баш тартып, бир жаштагы баласын өлтүргөн жаран 18 жылга соттолду

Наманганда алимент төлөөдөн баш тарткан киши бир жашар уулун Түндүк Фергана каналына чөктүрүп өлтүргөн. Кылмышкер 18 жылга эркинен ажыратылды.

Жергиликтүү басылмалар кабарлагандай, Наманган облустук соту 26 жаштагы Расулбек Ташпулатовду өз баласын атайлап өлтүрүү боюнча күнөөлүү деп тапкан. Сот документтерине ылайык, Расулбек Ташпулатов 2017-жылы үйлөнүп, 2019-жылы апрелде баласы өзүнүкү экенинен күмөн санап, ажырашып кеткен.

Сот чечими боюнча Расулбек Ташпулатов уулу үч жашка чыкканга чейин кирешесинин 70% алимент иретинде төлөөгө милдеттүү болгон. 8-июлда ал баланы уурдап кетип, Түндүк Фергана каналына ыргытып жиберген. Ал бала чөгүп кеткенге чейин карап турган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>