Алина Шаиковага издөө жарыяланды

Алина Шаиковага издөө жарыяланды

 Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыяланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы тараткан билдирүүдө айтылат.

“Алина Шаикова жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча козголгон кылмыш иш боюнча суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес. Мындан улам, Башы прокуратура Шаиковага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмышка шектүү деген билдирмесин жөнөтүп, ага издөө жарыяланып, аны ишке ашыруу УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылды”,  — деп жазылат анда.

УКМК буга чейин Шаикованын суракка келбей жатканын айтып, ага издөө жарыяланарын эскерткен.

Белгилей кетсек, Алина Шаикова паспорт чыры боюнча кызматтан кетип жатып,  2018-жылы 6-декабрда өзүн жана Дастан Догоевди УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, чет элдик компаниянын өкүлдөрү менен жолуктурганын айтып чыккан.

Мындан кийин УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>