Алина Шаиковага издөө жарыяланган. Ага карата кандай чаралар көрүлүп жатат УКМКнын жообу?

Алина Шаиковага издөө жарыяланган. Ага карата кандай чаралар көрүлүп жатат УКМКнын жообу?

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы ушул жылдын 5-августта мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы төрайымы Алина Шаиковага издөө жарыялаган.

Учурда аталган иш боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканы тууралуу РЕПОРТЕР маалымат агенттигине УКМКнын басма сөз кызматы буларды айтты.

«Алина Шаикованын кылмыш ишин тергөө боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш чаралары жүрүп жатат», — деп маалымат беришти.

Шаикова жаңы үлгүдөгү паспортторду даярдоо боюнча козголгон кылмыш иш боюнча суракка жана башка тергөө иш-чараларын жүргүзүү үчүн жиберилген чакырууга келген эмес. Мындан улам, Башы прокуратура Шаиковага карата Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси боюнча кылмышка шектүү деген билдирмесин жөнөтүп, ага издөө жарыяланып, аны ишке ашыруу УКМКнын ыкчам бөлүмүнө тапшырылган.

Белгилей кетсек, Алина Шаикова паспорт чыры боюнча кызматтан кетип жатып,  2018-жылы 6-декабрда өзүн жана Дастан Догоевди УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов Бишкектеги ресторандардын бирине чакырып, чет элдик компаниянын өкүлдөрү менен жолуктурганын айтып чыккан.

Мындан кийин УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркулов кызматтан кеткен.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>