Site icon Reporter.kg

Алла Пугачева менен Максим Галкин ажыраштыбы?

Соңку күндөрү орусиялык белгилүү ырчы Алла Пугачева менен юморист Максим Галкин ажырашып жатат деген маалымат орус басылмаларында байма-бай айтыла баштады.

Бул маалымат боюнча журналисттер аталган үй бүлө менен тыгыз мамиледе болгон орус эстрадасынын жылдыздары Филип Киркоров жана Николай Басковго кайрылып алар жооп берүүдөн баш тарткан. 

Буга бүгүн жылдыздуу түгөйлөр жооп кайтарышып, Максим Галкин инстаграм баракчасына аялы менен түшкөн сүрөтүн жайгаштырды.

“Жада калса үмүт да кылбагыла ушакчылар”, — деп билдирүү калтырган орус куудулу.

 

Exit mobile version