Социалдык тармактарда тараган видео тасмадагы “Аллаху акбар” деп кыйкырып ок атуучу куралдан ок чыгарган балдар аныкталды. Бул тууралуу Ош облусунун Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 1-март күнү интернет булактарында белгисиз ок атуучу куралдан ок чыгарган окуучулар тууралуу видео тасма таркаган.
Ыкчам иш-чаралардын натыйжасында белгисиз үлгүдөгү ок атуучу куралын аткан жаш өспүрүмдөр Өзгөн районунун Эркин-Тоо айылынын тургундары 17 жаштагы К уулу Б жана И.Р экендиги аныкталган.
“Тергөөдө 2020-жылдын сентябрь айынын орто ченинде кундагы жок куралды жана аны менен бирге 1 даана ок даарыны үйүнөн алып чыгып, Эркин-Тоо айылынын четине классташ досу 17 жаштагы К уулу Б жана айылдашы 16 жаштагы С.Дны жолдон жолуктуруп, Р.Инин уюлдук кол телефонуна Интернет тармагына жайылган видео тасманы тартып алышкан. Ок атуучу куралынан К уулу Б ок чыгарып аткан, Р.И “ Аллоху-Акбар” деп кыйкырып үн салган, ал эми Д.С уюлдук кол телефонго видео тасмага тартып тургандыгы аныкталган. Р.И тасмага алынган видеону “Вотсап” аркылуу досторуна жиберип, андан ары интернет тармагына тарап кеткендиги белгилүү болду. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө”, — деп айтылат маалыматта