Алмаштырыңыз! Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15-февралда аяктайт

Алмаштырыңыз! Убактылуу айдоочулук күбөлүктүн мөөнөтү 15-февралда аяктайт

Мамлекеттик катоо кызматы “убактылуу» айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтү 15-февралда аяктарын эскертет. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Буга байланыштуу мекеме жарандарга кайрылып, «убактылуу» айдоочулук күбөлүктүң жарактуулук мөөнөтү аяктагыча  алмаштырууну суранат.

Айдоочулук күбөлүктү алуу үчүн жарандардан арыз Унаа мамлекеттик мекемесинин бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.

Өкмөт декабрь айынын соңунда 2019-жылдын 10-июнунан тартып 2019-жылдын 31-декабрына чейин жарактуу деп берилген айдоочулук күбөлүктөрдүн жарактуулук мөөнөтүн узарткан.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>