Site icon Reporter.kg

 Алматы мэрине кол салуу маалындагы видео тарады

«НеХабар» басылмасы Алматы шаарынын акимине кол салуу учурун чагылдырган видеону жарыялады.

6-январда Алматынын акиминин кортежи, анын ичинде акимчиликтин кызматкерлери жана «Алматы» телеканалы оператору видео тартуу үчүн чогуу жүрүшкөн.

Айрым маалыматтарга караганда,  ок чыгарылган аймакта эч ким жоктугу кабарланып, аймак таза экени айтылган.

Автоунаалар Аль-Фараби проспектисинен Назарбаев тарапка түшүп келе жаткан учурда жүргүнчүлөргө ок атылган.

Атылган октун кесепетинен спорт бөлүмүнүн башчысы, дин башкармалыгынын башчысы, шаар акиминин айдоочусу, “Алматы” телеканалынын оператору жабыркаган.

Окуя учурунда Алматы телеканалынын айдоочусу каза болгон.

 

Exit mobile version