Site icon Reporter.kg

Алматы: Митингчилерге чай берген блогерди кечинде тоноп кетти (ВИДЕО)

Казакстандын Алматы шаарындагы мародерлор белгилүү instagram блогер Гүлназ Махметованын зергер бутигин тоноп кетишти. Бул тууралуу ал социалдык тармактардагы баракчасында видео кайрылуу жасады.

Анын айтымында, бир нече миллион теңгеге чыгым болгон. Бутиктерин тоноп кеткен митингчилерге 5-январь күнү ысык чай менен тамак-аштарды берип, жалпы элге колдоо көрсөткөн. Бирок, ал 6-январь күнү кечинде зергер дүкөнүн толугу менен тоноп кетишкен.

Ал ошондой эле соңку жапырт тоноочулукка кайгырып жатканын билдирген.

«Кечээ таңкы алтыга чейин көчөлөрдү араладым. Эки күн шаарды кыдырып чыктым. Жалпысынан алганда, бүтүндөй шаар талкаланды, бардык ишканалар банкрот болду. Мени тоноп кеткенине жөн эле капаланган жокмун, бул ишкерлигиме ушунчалык көп күч, каражат жумшалган», — деди видео кайрылуусунда.

 

 

 

 

Exit mobile version