Site icon Reporter.kg

Алматы облусунда коңшу мамлекеттин 100 жараны кармалды

мигалка, полиция, милиция

Алматы облусунун айылдарынын биринде жүздөн ашуун адам кармалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, алар коңшу мамлекеттин жарандары. Бул тууралуу Интерфакс Казакстандын Ички иштер министрлигине шилтеме берүү менен билдирди.

Кайсы кошуна мамлекет экенин Ички иштер министрлиги тактаган жок.

Болгону алар милицияга жалпысынан 4266 адам жеткирилгенин кошумчалашты.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул маалымат боюнча комментарий бере элек.

Exit mobile version