Алматы-Ташкент жолунда бороондо калган 80 киши куткарылды

Алматы-Ташкент жолунда бороондо калган 80 киши куткарылды

22-декабрга караган бороонго байланыштуу Алматы-Ташкент-Термез трассасында жүргүнчү ташыган автобус жана бир нече жеңил автоунаа жолдо калган.

«Казавтожол» мамлекеттик ишканасынын кызматкерлери жалпысынан 80 кишиге жардам берип, аларды Түркстан облусунун Шакпак Баба айлына жеткирди.

Автобус жолдон чыгып кеткен.

Аба ырайынын катаал шартынан улам коопсуздукту камсыздоо үчүн Актөбө, Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Түркстан облустарындагы республикалык маанидеги трассаларда жол кыймылына чектөө киргизилди.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>