Алматыда кулаган учак кырсыгынан казакстандык журналист Дана Круглова да каза тапты

Алматыда кулаган учак кырсыгынан казакстандык журналист Дана Круглова да каза тапты

Бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7:05те Алматы — Нур-Султан багыты боюнча чыккан учак кулап, каза болгондордун саны 15ге жетти. Кырсыктан казакстандык журналист Informburo.kzнин редактору Дана Круглова да каза болгон. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазышууда.

Дана Круглова 35 гана жашта болчу. Ал жумуштарына байланыштуу иш сапарына чыккан. Ошондой эле жаңы жылга карата Нур-Султан шаарында жашаган ата-энесине да учурашууну пландаган эле.

«Дана Круглова чыныгы журналист болчу. Ал чындыкты бетке айткан, ар бир иштин майын чыгара жасачу. Круглова 1-декабрда тарта журналисттик иликтөө бөлүмүн жетектөө кызматына дайындалган болчу. Учурда биздин редакция чоң жоготууга учурады. Барыбыз кайгыруудабыз», — деп билдирген Informburo.kzнин башкы редактору Михаил Дорофеев.

Маалыматка ылайык,  учакта 95 киши, экипаждын беш мүчөсү болгон. Каза болгондордон сырткары 35 киши жабыркап, алардын 22си оор абалда. Учурда жабыркагандар Алматы шаарындагы ооруканалардын бириндеги жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.

Самолёт Радардан табылбай калган аба кемеси учуп-конуучу тилкеден тыш аймактан табылган. Ал эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп, кырсыктаган.  Учак күйгөн жок. Дароо эле куткаруу иштери башталып, эвакуация жүрдү.

Азыркы тапта учак кулаган аймакта миңге жакын куткаруучулар иш алып барышууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>