Казакстандын Алматы шаарында өткөн тополоңдо өрттөлгөн унаалардын токтоп турган жайын полиция көрсөткөнүн kazlenta.kz жазып чыкты.
Андагы маалыматы боюнча, тополоңдун натыйжасында 165 кызматтык унаа жабыркап, анын 53ү өрттөлгөн. Бузулган унаалардын жалпы санынан 64үн калыбына келтирүү мүмкүн эмес.