Site icon Reporter.kg

Алматыда сабалган Чолпонбек Сыдыков Бишкекке алып келинди

Алматыда кармалган кыргызстандык Чолпонбек Сыдыков Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилди.

Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугунун кызматкерлери Чолпонбек Сыдыковду тез жардам унаасы менен «Ак-Жол» постуна алып келишти, ал жерден Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери тосуп алып, ооруканага жеткиришти.

Эске салсак, Чолпонбай Сыдыков Казакстанда массалык нааразылык акциялары учурунда кармалып, сабалган. Натыйжада анын эки буту жана кабыргасы сынган.

Exit mobile version