Site icon Reporter.kg

Алматыда учак кулап, жүргүнчүлөр каза болду — фото

Бүгүн, 27-декабрда таңкы саат 7:05те Алматы — Нур-Султан багыты боюнча чыккан учак кулап, 7 жүргүнчү каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык,  учакта 95 киши, экипаждын беш мүчөсү болгон. Радардан табылбай калган аба кемеси учуп-конуучу тилкеден тыш аймактан табылган. Учак «Бек Эйр» авиакомпаниясына таандык. Ал эки кабаттуу бетон курулушту сүзүп, кырсыктаган.  Самолет күйгөн жок. Дароо эле куткаруу иштери башталып, эвакуация жүрдү. Каза болгондордун саны жети кишиге жетти.

Кырсык боюнча Казакстандын премьер-министринин тапшырмасы менен өкмөттүк комиссия түзүлүп, окуянын чоо-жайы такталып жатат.

Exit mobile version