Site icon Reporter.kg

Алматыда 12 жаштагы кыздан коронавирус аныкталды

Казакстандын Алматы шаарында 12 жаштагы кыздан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин расмий өкүлү Даис Ахметшарип кабарлаганын 24.kz басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, өспүрүм кыз Германиядан учуп келген.

Жалпысынан коңшу өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны  9 адамга жетти. Алардын жетөө Алматы шаарынын, экөө Нур-Султан шаарынын тургундары.

Учурда Казакстандын 1644 жараны стационардык шартта байкоодо турса 628 жаран үй карантинине алынган.

Exit mobile version