Алматыдагы азык-түлүк «ажиотажы» болуп жатат. Бул тууралуу социалдык тармактарда элдин чоң дүкөндөрдө азык-түлүк алуу үчүн кезекке туруп жаткан сүрөттөр жарыяланды.
Калаа бийлиги 13-мартта басма сөз жыйынын өткөрүп, «азык-түлүк кору жетиштүү, дүбөлөңгө түшүүгө негиз жок экенин» билдирди.
«Кишилердин жапырт кезекке туруп, азык-түлүк сатып алып жатканын көрүп жатабыз. Андай кылбаңыздар. Өзүңүздөр баанын өсүшүнө түрткү болуп жатасыздар. Талап көп болсо баа өсөт»,– деди Алматы шаардык акимчилигинин ишкердик жана инвестициялар башкармалыгынын башчысы Еркебулан Оразалин. Ал карантин жарыяланса да, азык-түлүк дүкөндөрү жабылбай турганын эске салды.
Казакстан бийлиги буга чейин коронавируска карата сактык чараларын күчөтүп, Нооруз майрамын жапырт белгилөөгө тыюу салган. Бийликтин бул билдирүүсүнө жана теңгенин арзандашына байланыштуу калк дүрбөлөңгө түшүп, 12-мартта Алматыдагы гипермаркеттерде азык-түлүк үчүн ири кезек жаралган. Ушундай эле көрүнүш башка шаарларда да болгон.
Мындай көрүнүш Бишкектин чоң дүкөндөрүндө да болушу мүмкүн. Анткени дүйнөнү каптап жаткан коронавирус Казакстанга жетти. Бул тууралуу бүгүн, 13-мартта аталган мамлкеттин саламаттык сактоо министри вирусту жуктурган эки учур катталганын тастыктады.