Site icon Reporter.kg

Алмаз Аттокуров Чүй районунун акими болду

Алмаз Аттокуров Чүй районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.

Эскерте кетсек, буга чейин Алмаз Аттокуров Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары болуп иштеген. Аталган кызматка ал быйыл февраль айында дайындалган.

Алмаз Аттокуров жана Мурат Байдылдаев кызматка дайындалды

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version