Site icon Reporter.kg

Алмаз Сманбеков Азия чемпионатында күмүш алды

Эркин күрөш боюнча кыргызстандык балбан Алмаз Сманбеков (57 кг) Астанада өтүп жаткан Азия чемпионатынын күмүш байгесин алды.

Ал бүгүн, 13-апрелде килем үстүнө чыкты. Биринчи кармашында пакистандык атаандашы беттешке чыкпагандыктан, жеңиш ага ыйгарылды. Ал эми чейрек финалда казакстандык балбан Рахат Калжанды 4:2 эсебинде жеңип алды. Жарым финалда Сманбеков монголиялык Занабазар Занданбудду 8:6 эсебинде утуп алды.

Алтын үчүн беттеште ал индиялык Аман Аман менен күч сынашып, ага 9:4 эсебинде жеңилди.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Exit mobile version