Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу ИИМдин сурагына барган жок

Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу ИИМдин сурагына барган жок

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев үчүнчү жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу адвокат Сергей Слесарев билдирген.

Слесарев бул ирет да Атамбаевди суракка чакыруу мыйзамсыз болгонун белгилеп, мурдагы президенттин суракка барбай турганын айтты.

ИИМдин тергөө кызматы мурдагы президентти 18-июлда үчүнчү жолу суракка чыкырган. Буга чейин 8-жана 10-июлда эки жолу суракка чакырган. Бирок Атамбаев бир да жолу ИИМге суракка барган эмес.

Кошумчалай кетсек, 27-июнда Жогорку Кеңеш Атамбаевди 103 депутаттын макулдугу менен тийбестиктен жана экс-президент статусунан ажыраткан. Башкы прокуратура аны жоопко тартуу боюнча 5 айыпты аныктаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>