Site icon Reporter.kg

Алмазбек Атамбаев айыгып, УКМКнын тергөө абагына которулду

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев айыкты, анын абалы туруктуу. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдирди.

Дарыгерлердин консультациясы өткөрүлүп, андан кийин Атамбаевди УКМКнын тергөө изоляторуна өткөрүп берүү жөнүндө чечим кабыл алынган. Ал күнү-түнү дарыгерлердин көзөмөлүндө.

29-июнда экс-президент ден соолугу начарлап жатканын айтып, андан ПЦР-тест алынган. Атамбаевден коронавирус аныкталган эмес, бирок пневмония экени тастыкталган.

Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту ушул жылдын 23-июнунда Алмазбек Атамбаевди кримтөбөл Азиз Батукаевдин камактан мыйзамсыз бошотулушу боюнча 11 жыл 2 айга эркинен ажыратуу жана сыйлыктарынан ажыратуу өкүмү чыгарган.

Exit mobile version