Site icon Reporter.kg

Алмазбек Атамбаев башка колонияга которулду

FILE PHOTO: Kyrgyz former President Almazbek Atambayev and supporters attend a meeting with journalists in the village of Koy-Tash near Bishkek, Kyrgyzstan June 27, 2019. REUTERS/Vladimir Pirogov/File Photo - RC20LD90D0L9

Абактагы экс-президент Алмазбек Атамбаев Молдовановка айылындагы түзөтүү колониясына которулду. Бул туурасында анын тарапташтарынын бири Канат Сагымбаев социалдык тармактагы баракчасына билдирип чыкты.

Буга чейин Алмазбек Атамбаев Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясына которууну суранган. Бир жылдан ашык Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагында отурган. Атамбаев 2019-жылы  «Батукаев чуусу» боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу ал 11 жылга эркинен ажыратылган.

Exit mobile version