Site icon Reporter.kg

Алмазбек Атамбаев дарыгерлерге көрүнүүдөн баш тартты

Мурдагы президент, учурда №47 колонияда жаза өтөп жаткан Алмазбек Атамбаевдин диагнозун тактоо максатында 24-мартта  Саламаттыкты сактоо министрлигине кат жөнөтүлгөн. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, каттын негизинде 2022-жылдын 28-мартына  Саламаттык сактоо министрлигинин адистеринен (кардиолог, невропатолог, эндокринолог жана оториноларинголог) турган дарыгерлердин комиссиялык тобунун текшерүүсү дайындалган.

Бирок бүгүн  Саламаттыкты сактоо министрлигинин жогоруда аталган адистери №47- түзөтүү мекемесине барганда айыпталуучу Атамбаев белгисиз себептер менен комиссиялык экспертизадан өтүүдөн баш тарткан.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистеринин ичинен комиссиялык текшерүүлөр буга чейин да бир нече жолу уюштурулуп, Атамбаев андан да баш тарткан. Баш тартуулар кол менен жазылган.

Буга чейин Алмазбек Атамбаевдин адвокаты Замир Жоошев сотко күч колдонуу менен, ич кийимчен сотко алып келгенин айтып чыккан. Акыйкатчы институту ошол окуяны териштирүү маалында Атамбаевдин өзүн жолугуп, ден-соолугуна зыян келгенин жанан ден соолугу начарлап жатканын айтып берген болчу.

Атамбаевди мажбурлап сотко алып бара жатканда жаракат алган

Exit mobile version