Алмазбек Атамбаев сотко тез жардам унаасы менен алынып келинди

Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда экс-президент Алмазбек Атамбаевге козголгон эки кылмыш иши боюнча соттук териштирүү уланууда. Ал Калыс-Ордо конушундагы мектеп курууда түрк жарандарына мыйзамсыз паспорт берген жана кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталууда. Алмазбек Атамбаев тез жардам унаасы менен колониядан сотко алынып келинди.