Site icon Reporter.kg

Алмазбек Атамбаевди ич кийимчен сүйрөп сотко алып барганбы? Жооп

Алмаз Атамбаевди ич кийимчен сотко күч колдонуп алып келди дегени боюнча Жазаларды аткаруу кызматы Reporter.kg′ге жооп берди.

“Департаменттин кызматкерлери сүйрөп барды деген катуу болуп калыптыр. Департамент мыйзам боюнча ичине киришпейт. Алар сырттан гана күтүп турат. Чыккандан кийин гана конвойдун коштоосу менен алып барышат. Соттолуучу сот процесстерине катышкысы келбесе, мекемеден деле чыкпай койсо болот. Эгерде күч колдонуу менен сүйрөп чыкты деген жалаа болсо Жазаларды аткаруу кызматынын бүт мекемелеринде  видео байкоолор бар. Ошондой эле ар бир кызматкердин төшүндө видеокаттоо бар, андан караса болот. Ким кандай кийим кийип барса өз эрки, тыштагы аба-ырайы туурасында да маалымат берип, ошого жараша да кийинүүнү сунуштап турабыз” -деди Жазаларды аткаруу кызматынын басма сөз катчысы Элеонора Шаршеналиева.

Буга чейин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Жазаларды аткаруу кызматын кыйноо менен ич кийимчен сотко алып келгенин шардана кылган эле…

Алмазбек Атамбаевди сотко ич кийимчен алынып келгени сынга кабылды  

Exit mobile version