Site icon Reporter.kg

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы мамлекетке 5,7 млн долларлык мүлкүн өткөрүп берди

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы Эркин Мамбеталиев 5 млн 716,3 миң доллар түзгөн мүлкүн мамлекетке өткөрүп берди. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, Мамбеталиев кылмыштуу жол менен тапкан мүлктөрүн — Ысык-Көлдөгү «Эдельвейс» эс алуу борбору, Бишкек шаарындагы 3 жана 2 бөлмөлүү батирлер, Lexus LX 570 жана Dodge RAM үлгүсүндөгү эки унаа, 3 гидроцикл, 3 квадроцикл жана 1 боз үйдү мамлекетке өткөргөн. Алардын баарынын баасы 489 млн 886 миң сомду же 5 млн 716,3 миң долларды түзөт.

Эскерте кетсек, УКМК Эркин Мамбеталиевди август айынын башында кармаган. Атайын кызмат билдиргендей, Мамбеталиевдин кримтөбөлдөр Рыспек Акматбаев менен Камчы Көлбаевдин кылмыштуу топторуна тиешеси бар болгон. Ал Акматбаев жана Көлбаевдин кримчөйрөдөгү байланыштарын, таасирин пайдланып жана алардын колдоосу менен коммерциялык мүнөздөгү жеке маселелерди чечип жүргөн. Мамбеталиев узак убакыт бою кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) боюнча иштерди жүргүзүп, көп сандаган батир, жер тилкелерди, коммерциялык объекттерди, кымбат баалуу автомобилдерди жакын туугандарына каттаткан.

Ал 2000-жылдары Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы болгону белгилүү.

УКМК Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы эмнеге кармалганын айтты (видео)

Exit mobile version