Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу, «Социал-демократтар» партиясынын мүчөсү Кадырбек Атамбаев Бишкек шаарынын милициясына суракка чакырылды. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында билдирди.
Ал суракка күбө катары чакырылган. Атамбаев милицияга саат 17:30га барышы керек.
Эскерте кетсек, былтыр 17-ноябрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоонун алдында «Социал-демократтардын» лидери Темирлан Султанбеков, партия мүчөлөрү Ирина Карамушкина, Роза Түрксевер добуш сатып алууга шектелип кармалган.
Алар камакка алынып, партиясы шайлоодон четтетилген.
Темирлан Султанбеков ага козголгон кылмыш ишин, камалышын саясий буйрутма деп атап келет. Ошондой эле мыйзамсыз кармалып, укугу тебеленип жатканын айткан саясатчы каршылык катары ачкачылык кармоодо. «Азатттык» жазгандай ал суу, «Аралаш» суусундугун жана шире гана ичип жатат.
Жакында эле аталган иш боюнча партия мүчөлөрү Жанна Самышева менен Анарбек Катаганов милицияда суракта болгон.