Site icon Reporter.kg

Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы 8-октябрга чейин камакка алынды

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жан сакчысы Канат Сагымбаев 8-октябрга чейин Бишкектин №1 тергөө абагына киргизилди.

Биринчи май райондук соту аны үй камагына чыгаруу тууралуу өтүнүчтү канааттандыруудан баш тартып, ушундай чечим кабыл алган.

Белгилей кетсек, Сагымбаев 24-сентябрда Аскер прокуратурасы тарабынан камакка алынган.  Ага Кой-Таштагы башаламандыкка катыштыгы бар деген айып коюлган.

Буга чейин бир нече басылмалар жактоочу Замир Жоошевге таянып,   Канат Сагымбаев Атамбаевди туулган күнү менен видео аркылуу куттуктаганы үчүн кызматтан алынганын маалымдаган.

Ал эми Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети муну чектке кагып, анын жумуштан алынышын куралын тапшырбай койгону жана журналисттерге маалымат бергени менен байланыштырган.

фото: 24.kg
Exit mobile version