Алмазбек Баатырбеков премьер-министрдин милдетин аткарууда. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков өкмөт башчынын милдетин аткарууда.
Кыргызстанда 4-октябрдагы парламенттик шайлоодон соң жаралган нааразылыктан 5-октябрда саясий партиялардын митинги башаламандык менен аяктап, президенттик администрация жана башка мамлекеттик органдардын имараттарын ээлеп алышкан. Өлкөдөгү легитимдүү бийлик органы болуп саналган парламент жаңы өкмөттү түзүш үчүн чогула элек.
9-октябрда Кубатбек Боронов баштаган өкмөт отставкага кеткен.