Алмазбек Орозалиев Бишкектин аймагында өзгөчө абалды узартууну сунуш кылды

Алмазбек Орозалиев Бишкектин аймагында өзгөчө абалды узартууну сунуш кылды

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиев борбор калаанын аймагында өзгөчө абал режимин узартуу маселесин кароону сунуш кылды. Бул тууралуу ал президент менен болгон жолугушууда айтканын өлкө башчынын басма сөз кызматы кабарлайт.

Орозалиев ошондой эле, борбор калаада өзгөчө абал киргизилгенден тартып кылмыштуулук менен укук бузуулардын саны кескин кыскарганын белгилеп өткөн.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-октябрда Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын башчысы Таалайбек Өмүралиевди, Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Жаныбек Капаров жана ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаарынын коменданты Алмазбек Орозалиевди кабыл алып өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды турукташтырууну талкуулаган.

Ал өлкөнүн күч органдарынын көңүл борборунда биринчи кезекте коомдогу тынчтык жана туруктуулук менен эл турмушунун коопсуздугу турушу керектигин баса белгилеген.

Эске салсак, Сооронбай Жээнбеков Бишкек шаарына 9-октябрдан тартып өзгөчө абал киргизүү тууралуу жарлык чыгарган.

Жогорку Кеңештин депутаты Мыктыбек Абдылдаев өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгын депуттар колдобосо деле 3 күн күчүндө болорун айткан. Бирок парламент бекитип бербесе 3 күндөн кийин күчүн жоготорун кошумчалаган.   

Өзгөчө абал тууралуу президенттин жарлыгы 10-октябрда “Ала-Арча” резиденциясындагы Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында алгач күн тарбине киргизилип, кийин кайра каралган эмес.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>